Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Орусиядан 2024-жылы 87 миңден ашуун мигрант чыгарылган
16.02.2025 | 15:41
2024-жылы сот аткаруучулар Орусиядан 87 миңден ашык мигрантты чыгарышкан. Бул тууралуу ТАСС Орусия Федерациясынын Федералдык сот аткаруучулар кызматынын директору Дмитрий Аристовго шилтеме берүү менен билдирди.
Бул 2023-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп экени белгиленген. Былтыр Орусиядан 44 миң чет элдик чыгарылган.
Басылманын маалыматына караганда, өлкөдөн чыгарылган чет элдиктердин көбү Азербайжан, Беларусь, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын жарандары.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар