«Бизнес Өкүл Атанын» жеңүүчүсү: Тимур Файзиев убада кылган акчаны берген жок

«Бизнес Өкүл Атанын» жеңүүчүсү: Тимур Файзиев убада кылган акчаны берген жок

Нурмухаммад Түркбаев ишкер Тимур Файзиевдин «Бизнес Өкүл Ата» долбоорунан утуп алган акчасын алган эмес. Бул тууралуу жаш жигит социалдык тармактарда билдирди.

Эң мыкты бизнес-долбоор сынагынын жыйынтыгы 2021-жылдын жазында чыгарылып, жеңүүчү шартка ылайык инвестиция катары 100 миң доллар алмак, ал эми Тимур Файзиев анын бизнес өнөктөшү болмокчу. Долбоордун жеңүүчүсү 9 айдан кийин убада кылынган инвестицияны албай, бизнес менен алектенбей калганын мойнуна алды.

«Бизнес Өкүл Ата реалити-шоусунун алкагында 100 миң долларлык келишим ишке ашпай калды! Бул бардык суроолорго чекит коет деп ойлойм. Сураныч, инвестиция эмне болду деп кайра-кайра сурабаңыздар Кыскасы, мен аларды кабыл алган жокмун жана мындан ары убактымды текке кетирип, бир адамга асылгым келбейт», — деп жазган ал.

Мындан тышкары Нурмухаммед кат алышуу жана күтүү менен гана убакыт коротконуна нааразы болду.

Тимур Файзиев бул билдирүүгө комментарий берип, Түркбаев эмне үчүн каражат албаганын түшүндүрдү. Файзиевдин айтымында, Баткен облусунда өрүк өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча бекитилген долбоордон жигит өзү баш тарткан. Жаңы долбоорду бекитүү башталды.

«Биз балык чарбасына отурукташканбыз. Биз жер тилкесин сатып алдык, долбоорду 2022-жылдын 1-мартында башташыбыз керек болчу. Мен өз кезегимде Нурмухаммад менен өнөктөштүктө 100 миң доллар салайын деп жаткам. Ушул мезгилдин ичинде Нурмухаммад окуусуна кайрылып, бир нече жолу дайынсыз жоголгондугун белгилеймин», — деп жазган Файзиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>