Жогорку сот Ысык-Көлдүн Бостери айылында киши колдуу болгон Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча айыпталуучулардын бирине өкүм чыгарды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жогорку соттон билдиришти.
Эскерте кетсек, Бекбол Аманкулов 2023-жылы 6-августка караган түнү ур-токмоктон көз жумган. Алгач бул ишти жаап-жашыруу аракети көрүлгөн. Бирок бул окуя коомчулукта резонанс жараткандан кийин гана кылмыштын бети ачылган.
14-августта ИИМ Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектелип 4 адам кармалганын кабарлаган.
Ошондой эле Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча кылмышты жаап-жашырууга шектелип ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 3 кызматкери, андан соң дагы 2 кызматкери кармалган.
Быйыл апрель айында Ысык-Көл райондук соту Бекбол Аманкуловду сабап өлтүрүүгө айыпталган Б.Б., Ж.Р., А.У. жана Э.А. аттуу жарандарды Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5, 15-пунктары (бейбаштык максатта адамдардын тобу тарабынан жасалган киши өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп таап, ар бирин 15 жылга эркинен ажыраткан.
Ошондой эле айыпталуучулар жабырлануучу тарапка 180 миң сом материалдык зыян, андан тышкары ар бири 250 миң сомдон моралдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Кийин айыпталуучулар Ысык-Көл облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Экинчи инстанция 24-июлда ишти карап, мурдагы өкүмдү күчүндө калтырган.
Андан соң айыпталуучулардын бири Э.А. Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылган. Жогорку сот 23-октябрда ишти карагандан кийин Э.А.га чыккан өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.
Бостеридеги Бекболдун өлүмү. Айыпталуучуларга чыккан өкүм өзгөртүүсүз калтырылды