Бостеридеги Бекболдун өлүмү. Сот айыпталуучуларга өкүм чыгарды

Бостеридеги Бекболдун өлүмү. Сот айыпталуучуларга өкүм чыгарды

Былтыр август айында Ысык-Көлдүн Бостери айылында киши колдуу болгон Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча 4 айыпталуучуга өкүм чыкты. Бул тууралуу облустук соттон билдиришти.

Иш Ысык-Көл райондук сотунда каралып, өкүм 5-апрелде чыккан. Бул иш боюнча айыпталуучу болгон Б.Б., Ж.Р., А.У. жана Э.А. аттуу жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5, 15-пунктары (бейбаштык максатта адамдардын тобу тарабынан жасалган киши өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, ар бири 15 жылга эркинен ажыратылган. Жаза өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 12-августунан (бирөөсүнүкү 13-августтан) тарта эсептелет.

Ошондой эле айыпталуучулар жабырлануучу тарапка 180 миң сом материалдык зыян, андан тышкары ар бири 250 миң сомдон моралдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Айыпталуучулар

Эскерте кетсек, Бекбол Аманкулов 2023-жылы 6-августка караган түнү каза болгон. Ал ур-токмоктон көз жумган. Бирок алгач бул ишти жаап коюу аракети көрүлгөн. Бирок бул окуя коомчулукта резонанс жараткандан кийин гана кылмыштын бети ачылган.

14-августта ИИМ Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектелип 4 адам кармалганын кабарлаган.

Ошондой эле Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча кылмышты жаап-жашырууга шектелип ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 3 кызматкери, андан соң дагы 2 кызматкери кармалып, камака алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>