Бостеридеги Бекболдун өлүмү. Дагы эки милиционер кармалды

Бостеридеги Бекболдун өлүмү. Дагы эки милиционер кармалды

Ысык-Көлдүн Бостери айылында киши колдуу болгон 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча кылмышты жашырууга шектүү катары дагы 2 милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ысык-Көл облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, кармалган эки шектүү ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери болушат. Алар 23-августта убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бүгүн, 24-августта алардын бөгөт чарасы каралат.

Белгилей кетсек, буга чейин шектүү катары ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 3 кызматкери кармалып, 2 айга камакка алынган. Кармалган 5 кызматкер тең Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө алып келген кылмышты жашырууга аракет кылган деп шектелүүдө. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Облустук милициядан билдиришкендей, кармалгандар ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондо коомдук тартипти кароого тартылган кызматкерлери болгон.

Эскерте кетсек, 6-августта маркумдун агасы жана достору Бекбол Аманкулов ур-токмоктон көз жумганын, милиция иниси талма оорусу кармап каза болгонун айтып жатканын, алар ишти жаап коеюн деп жатабы деген күмөн саноосун билдирген. Ошондой эле Ысык-Көлдөгү соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызматкерлери маркумдун денесинде жаракаттар жок экенин айтып жатканы айтылган.

14-августта ИИМ Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектелип 4 адам кармалганын кабарлаган. Алардын үчөө — мурда соттолгондор.

ИИМдин маалыматы боюнча, аталган ишти иликтөө учурунда 100 адам сурамжылоого алынып, алардын ичинен 44 киши күбө катары көрсөтмө берген. Алардын арасынан айрым күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жалган болуп чыккан. Жалган көрсөтмө берген күбөлөрдүн иш-аракетине укуктук баа берилери айтылган.

Кийинчерээк Ички иликтөө кызматы милиция кызматкерлеринин үстүнөн териштирүү иштерин баштаганы кабарланган.

Бостеридеги Бекболдун өлүмү. Үч милиционер кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>