Бостеридеги Бекболдун өлүмү. Үч милиционер кармалды

Бостеридеги Бекболдун өлүмү. Үч милиционер кармалды

Ысык-Көлдүн Бостери айылында киши колдуу болгон 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча ИИМдин Атайын багыттагы полкунун үч кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, К.У., Н.У., жана Э.А. аттуу милиция кызматкерлери Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө алып келген кылмышты жашырууга аракет кылган деп шектелип кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөр соттун чечими менен 2 айга камакка алынган. Тергөө амалдары уланууда.

Эскерте кетсек, 6-августта маркумдун агасы жана достору Бекбол Аманкулов ур-токмоктон көз жумганын, милиция иниси талма оорусу кармап каза болгонун айтып жатканын, алар ишти жаап коеюн деп жатабы деген күмөн саноосун билдирген. Ошондой эле Ысык-Көлдөгү соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызматкерлери маркумдун денесинде жаракаттар жок экенин айтып жатканы айтылган.

14-августта ИИМ Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектелип 4 адам кармалганын кабарлаган. Алардын үчөө — мурда соттолгондор.

ИИМдин маалыматы боюнча, аталган ишти иликтөө учурунда 100 адам сурамжылоого алынып, алардын ичинен 44 киши күбө катары көрсөтмө берген. Алардын арасынан айрым күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жалган болуп чыккан. Жалган көрсөтмө берген күбөлөрдүн иш-аракетине укуктук баа берилери айтылган.

Кийинчерээк Ички иликтөө кызматы милиция кызматкерлеринин үстүнөн териштирүү иштерин баштаганы кабарланган.

Бостеридеги Бекболдун өлүмү. Милиционерлердин үстүнөн териштирүү иштери жүрүүдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>