Бостериде каза болгон Бекболдун өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Бостериде каза болгон Бекболдун өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатында каза болгон 23 жаштагы Бекбол Аманкуловду өлтүргөн деп шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, аталган иш президенттин, ички иштер министринин жана облустук милициянын башчысынын көзөмөлүндө болуп, ишти иликтөө тажрыйбалуу кызматкерлерден турган атайын топко жүктөлгөн.

Окуя боюнча чогултулган материалдардын негизинде 8-августта Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ишти иликтөө учурунда кошумча күбөлөр аныкталган. Жалпы 100 адам сурамжылоого алынып, алардын ичинен 44 киши күбө катары көрсөтмө берген. Алардын арасынан айрым күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жалган болуп чыккан.

«Алардын берген көргөзмөлөрү боюнча тыкыр иликтөө иштери жүрүп, убактылары менен териштирүү жана салыштыруу иштери колго алынган. Натыйжада, күбө катары суракка алынган жарандардын айрымдары жалган көрсөтмө беришкендиктен, учурда алардын аракеттерине укуктук баа берилүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 4 адам кармалган: 32 жаштагы Б.Б. аттуу Бишкек шаарынын жашоочусу, Бостери айылынын 28 жаштагы Ж.Р., А.У. жана 29 жаштагы Э.А. аттуу тургундары. Шектүүлөрдүн үчөөсү мурда соттолгондор.

Шектүүлөр 2 айга тергөө абагына камакка алынды.

«Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында окуянын жагдайлары жана себептерин аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Бекбол Аманкуловдун агасы иниси ур-токмоктон көз жумганын, милиция иниси талма оорусу кармап каза болгонун билдирип жатканын айтып чыгып, окуянын күбөлөрү болсо, маалымат берүүсүн өтүнгөн. Ошондой эле, маркумдун достору кайрылуу жасап, прокуратурадан ишти көзөмөлгө алуусун суранган.

7-августта облустук милиция 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча үн катып, маалымат берген.

Ошондой эле, Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча ишти президент жеке көзөмөлүнө алганы, укук коргоо органдарына объективдүү иликтөө жүргүзүүнү тапшырганы кабарланган.

Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн  соттук-медициналык экспертиза Таласта өткөрүлөрү белгилүү болгон.

ИИМ башчысы Бостериде каза болгон Бекболдун ата-энеси менен жолукту

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>