БШКнын отурумдарына катышкан эл аралык байкоочу: «Шайлдабековага кээде боорубуз ооруду»

БШКнын отурумдарына катышкан эл аралык байкоочу: «Шайлдабековага кээде боорубуз ооруду»

Бүгүн, 5-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясында парламенттик шайлоону көзөмөлгө алган эл аралык байкоочулардын маалымат жыйыны өтүп жатат.

КМШнын байкоочулары катышып, БШКнын ишиндеги коллегиалдуулукту жана ачыктыкты белгилешти. Бул тууралуу КМШ Шайлоону байкоо миссиясынын башчысы Виктор Гуминский өз сөзүндө билдирди.

Анын айтымында, отурумдарда ушунчалык кызуу талаш-тартыштар болуп, алар кээде БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы аяп кетишти.

«Ал назик жана сулуу аял болгондуктан, мунун бардыгын иретке келтирип, бир пикирге келип, тийиштүү жоопторду берүү өзүнө туура келди. Нуржан Шайлдабекова бул миссияны ийгиликтүү аяктады», — деди ал.

Ал ошондой эле БШК шайлоону уюшкандыкта, Конституцияга жана улуттук шайлоо мыйзамдарына ылайык өткөрүү үчүн бир топ даярдык иштерин жүргүзгөнүн айтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>