Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Бүгүн Кыргызстанда Аза күтүү күнү
23.08.2022 | 09:01
Бүгүн, 23-август – Кыргыстанда Аза күтүү күнү.
Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 23-августун улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгынын тексти:
“2022-жылдын 21-августунда Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 14 жараны каза болду.
Каза болгондорго аза күтүү менен алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылам:
- Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 23-августу улуттук аза күтүү күнү деп жарыялансын.
- Улуттук аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн.
- Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына улуттук аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.
- Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет”.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен мекендештердин каза болгондугуна байланыштуу кайрылуу жасаган.
Россиядагы жол кырсыктан 16 адам каза болгон. Аларды 14ү Кыргызстандын жарандары. Каза болгон мекендештердин аты-жөнү такталган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом