Быйыл 7 айда өрт кырсыгынан 19 адам каза болгон

Быйыл 7 айда өрт кырсыгынан 19 адам каза болгон

Быйыл 7 ай ичинде Кыргызстанда өрт кырсыктарынан 19 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов түз эфир учурунда  билдирди.

Анын айтымында, быйыл 7 айда 1 миң 232 өрт кырсыгы катталган.

«Ал эми былтыркы жылдын 7 айында 1 миң 781 өрт кырсыгы болгон. Өткөн жылга караганда өрт кырсыктары 30%га азайды. Быйыл өрттөн болгон материалдык чыгым 358 млн сом, ал эми былтыр 435 млн сомду түзгөн. Быйыл өрттүн кесепетинен 19 адам каза таап, 17 адам жабыркаган. Жабыркагандардын ичинде 2 жаш бала бар. Былтыр өрт кырсыгынан 26 адам каза болгон», — деди ал.

Министрдин орун басары жарандарды өрт кырсыктарын алдын алууга көңүл бурууга чакырды. Ал билдиргендей, жарандар алдын алуу иштерине маани бербей, миллион сомдук чыгымдарга дуушар болушат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>