“Өзүн атып алган”: Аскердик институтта жоокер каза болду

“Өзүн атып алган”: Аскердик институтта жоокер каза болду

Аскердик институтта аскерге чакырылган жоокер өзүн атып алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 18-августта саат 22:10 чамасында болгон.

«Аскер институтунун окуу процессин камсыз кылуу боюнча батальондун аскер кызматчысы кароолдо турганда өз алдынча ок чыгарган. Ал алган жараатынан ошол жерден каза болгон. Жоокер 19 жашта, Каракол шаардык аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. Кызматтык териштирүү дайындалды. Окуя боюнча Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 17-август күнү  ИИМдин Ош шаарындагы №703 аскер бөлүгүндө дагы жоокердин өлүмү катталган. Ушул жылдын 29-июлунда Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан №27 колонияда бир жоокер өзүн-өзү атып каза болгон. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жоокер

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>