«Old Bishkek» долбоорунун жаңы өтмөгүндө шыптан суу түшүүдө: сууну чакаларга чогултуп жатышатБишкек–Нарын–Торугарт унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылдыИИМ жол эрежесин бузгандардын билимин текшерүү боюнча мыйзам долбоорун кайра чакыртып алдыБишкекте алгачкы жолу пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы болуп өттү«Asman Airlines» ишканасына эки Airbus A321 учагы сатып алынатДастан Бекешев: Мектептер рейтинг үчүн окуучуларды ЖРТга жибербей жатканы – бул мыйзамсыз
Быйыл Кыргызстан Ооганстанга жүк ташуучу унаалардын экспортун көбөйттү
22.08.2025 | 17:57

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын Кыргызстан Ооганстанга жалпы баасы 13 млн сомду түзгөн 23 жүк ташуучу унаа экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылды.
Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 12 унаага көп.
Ошондой эле жогоруда аталган мезгил ичинде Кыргызстандан жалпы 44 жүк ташуучу унаасы экспорттолуп, анын суммасы 66,9 млн сомду түзгөн. Жүк ташуучу унаалар Ооганстандан сырткары Түркияга (14 унаа), Грузияга (6 унаа) жана Өзбекстанга (1 унаа) жеткирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика