Чаткалдагы кырсыктан соң өлкөдөгү мектептердин абалы текшерилет

Чаткалдагы кырсыктан соң өлкөдөгү мектептердин абалы текшерилет

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептин имаратынын шыбы урап түшкөндүгүнө байланыштуу жыйын өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, министрлер кабинетинин башчысы билим берүү мекемелеринин коопсуз иштешине жооптуу тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин сынга алды.

Отурумдун жыйынтыгында Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептин имаратында болгон окуянын себептерин аныктоону, ошондой эле Терек-Сай айылындагы бардык имараттарды, мындан сырткары республиканын бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелеринин имараттарынын техникалык абалын текшерүүнү тапшырды.

Буга чейин ӨКМ Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу классынын шыбы урап түшкөнүн, окуучулар менен мугалим ооруканага жеткирилгенин билдирген. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мектеп

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>