Бишкекте UmutDoc фестивалы өтүүдө: 30дан ашык тасма жана чеберчилик сабактарыЭгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналып, республикалык айтыш болуп өттүБишкекте жеке үйлөр орточо 17,45 млн сом турат — Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикКыргызстанда алгачкы жолу 20 жана 50 сомдук банкноттор өлкө ичинде басылып чыктыБишкекте 8 ай ичинде батирлерди сатуу дээрлик 12%га өстүОш шаарында абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция ишке кирди
Ошто милиция иш учурунда мас абалында чуу салды (ВИДЕО)
18.05.2022 | 10:38
Адвокат Бактыбек Жумашев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Оштогу бир милициянын мас абалындагы туура эмес жоруктарын камтыган 3 видеону жарыялады.
Анын биринчи видеосунда көчөнүн боюнда квас саткан жайда мас абалында сатуучуну издеп жатканын көрүүгө болот. Экинчи видеосунда бир үйгө келип жерде отурган кишинин көйнөгүн түрө кармап туруп, эки кишинин суроолоруна жооп берип жатат. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүндө иштээрин айтканын угууга болот. Үчүнчү видеосунда болсо милиция кызматкерлери мас абалында жүргөн күч органынын колун кайрып алып кетти.
Ал эми Ички иштер министринин басма сөз катчысы Тилек Оторов бул кызматкердин иштен айдалганын билдирди.

Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар