Кыргыз-казак күч түзүмдөрү 6 ай иликтеп жүрүп, баңги каналын аныкташты

Кыргыз-казак күч түзүмдөрү 6 ай иликтеп жүрүп, баңги каналын аныкташты

155 млн 545 миң сомго бааланган баңгизат алынып, эл аралык баңги каналынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргыз милициясы Казакстандын атайын кызматы менен биргеликте Орто Азияга синтетикалык Баңгизаттарды интернет тармагы аркылуу ташуунун жана сатуунун туруктуу каналынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Бул үчүн ведомстволор тарабынан чек арага жакын мамлекеттердеги кесиптештер менен тыгыз иштешүү уюштурулган. Трансулуттук баңги тобунун ишмердүүлүгүн жоюу боюнча биргелешкен атайын операция Кыргызстан менен Казакстандын аймагында жарым жыл бою жүргүзүлгөн.

Укук коргоо органдары 2021-жылдын ноябрынан 2022-жылдын апрелине чейин республиканын аймагында баңги жана психотроптук заттардын ири партияларын даярдоого, контрабандага жана сатууга тиешеси бар туруктуу баңги топторун жоюуга багытталган биргелешкен эл аралык операцияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгында Казакстандын төрт С.Е.Д, А.Р.М, Б.К.Т, М.Б.С. аттуу жарандары жана Кыргызстандын үч Л.Д.В, И.К.А, А.Г.Т. аттуу жарандары аныкталып, кармалды.

Биргелешкен эл аралык операцияларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө синтетикалык баңги заттарды өндүрүү боюнча 2 нарколабория аныкталып, жоюлду.

Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн 31 кг 265 грамм баңги заттар, атап айтканда Альфа PVP -19,5 кг, мефедрон 6 кг, гашиш 5 кг, марихуана 765 гр, баңги каналынын көмөкчүлөрү жана уюштуруучулары кармалды.

Белгилей кетсек, баңгизаттарды сатуудан болжолдуу баасы 155 миллион 545 миң сомду түздү, бул 1 миллион 808 миң 662 АКШ долларын түзөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>