Сабак маалында мектептин төбөсүнүн шыбактары окуучуларды басып калды

Сабак маалында мектептин төбөсүнүн шыбактары окуучуларды басып калды

Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылындагы №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу бөлмөсүнүн шыбы (потологу) урап түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык каттаган жерге Чаткал райондук 3 куткаруучу тартылып, натыйжада 18 окуучу менен 1 мугалим коопсуз жайга чыгарылган.

Жабыркагандар Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлдү.

Ошондой эле социалдык түйүндүн колдонуучусу Илгиз Осмонов «сүрөттө 3-А класстын окуучулары сабакта отурганын көрүүгө болот. Сабак өтүп жаткан мугалим жабыркап жана окуучулар шок абалда экени айтылат. Ушул окуяга жеткирбей алдын алса болот эле, жергиликтүү калктын айтымында, мектеп боюнча тынымсыз кайрылууларга карабай, мамлекет тарабынан көңүл бурулган эмес”- деп пост калтырган.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>