Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы куралдуу кагылыштар болгон бардык жерлеринде ок атууну токтотту. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Ошол эле учурда тажик тарап ок атууну азайтып, бирок токтоткон эмес.
«Тажик тараптан ок атуу азайды. Бирок айрым тилкелерде тажик аскерлери кыргыз позицияларын маал-маалы менен аткылоодо», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан жана Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дөн тарта кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууну токтотууну макулдашкан.
Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болууда. Акыркы абал
Биздин Телеграм каналга катталыңыз