Бишкекте аялдардын туризмдеги ролу боюнча эл аралык форум өтөтОш шаарында жаңы Юстиция үйү ачылдыТрамп UFC башчысы Дана Уайтка жана Хабиб Нурмагомедовго Ак үйдөн кызмат сунуштадыМосква районунда 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк курулатКыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салды
Чек ара кызматы: Тажикстандык аскерлер ок атууну толук токтото элек
16.09.2022 | 17:13
Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы куралдуу кагылыштар болгон бардык жерлеринде ок атууну токтотту. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Ошол эле учурда тажик тарап ок атууну азайтып, бирок токтоткон эмес.
“Тажик тараптан ок атуу азайды. Бирок айрым тилкелерде тажик аскерлери кыргыз позицияларын маал-маалы менен аткылоодо”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан жана Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дөн тарта кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууну токтотууну макулдашкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом