КМТУ менен КУУ Сүлүктүдө инженерлерди жана архитекторлорду биргелешип даярдайт

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) менен Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) Баткен облусундагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун студенттерин «Курулуш» жана «Архитектура» багыттарында биргелешип окутат. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.
Кош дипломдуу билим берүү программасын ишке ашыруу боюнча келишимге 17-ноябрда КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев жана КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев кол коюшту. Макулдашуунун алкагында студенттерге 1+3 схемасы менен билим алуу каралган.
Министрлик бул кызматташтык Сүлүктү шаарында инженердик кадрдык дараметти көтөрүүгө багытталганын билдирди.
Кол коюу аземинде аймактарда инженердик билим берүүнү өнүктүрүү, эмгек рыногундагы адистиктерди ачуу жана кадрларды даярдоо маселелери каралган.