Кыргыз жаштарынын шайлоо сабаттуулугу боюнча долбоору Германияда кызыгуу жаратты

13.11.2026 | 16:24
Проект кыргызской молодежи по избирательной грамотности вызвал интерес в Германии — Новости Кыргызстана

Кыргызстандык жаштардын шайлоо сабаттуулугун жогорулатууга багытталган «Жаштардын тандоосу – будущее в наших руках» билим берүү долбоору Берлинде эл аралык коомчулуктун кызыгуусун жаратты. Rise Up Kyrgyzstan аттуу демилгелүү жаштар тобу тарабынан иштелип чыккан долбоор Germany & Central Asia 2027 эл аралык форумунда тааныштырылган.

Долбоордун авторлорунун маалыматында, германиялык Copernicus Berlin уюму кыргызстандык жаштардын долбооруна кызыгуу билдирип, аны форумдун алкагында эл аралык аудиторияга көрсөтүүнү сунушташкан.

“Бул окуя Rise Up Kyrgyzstan тобу үчүн Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана ата мекендик жаштар демилгелерин чет өлкөлөрдө таанытууга болгон жаңы кадам”,- деп билдиришти долбоордун авторлору.

Германиялык уюмдун көңүлүн өзүнө бурган долбоор эмне жөнүндө?

«Жаштардын тандоосу – будущее в наших руках» — жаштардын шайлоодогу укуктары жана милдеттери тууралуу маалымдуулугун жогорулатууну көздөгөн долбоор. Демилге жаштарга шайлоо мыйзамдары, жарандык укуктар жана добуш берүү жол-жоболорун үйрөтүүгө багытталган.

Долбоордун алкагында Бишкек шаарындагы 8 жогорку окуу жайынан 40 студенти тандалып алынып, аларга лекциялар, тренингдер жана интерактивдүү сабактар өткөрүлөт. Ошондой эле студенттер үчүн эксперттер, жарандык коом жана шайлоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулат.

Scroll to Top