Бишкектин Селекция айылында 20-ноябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтКыргызстандын футбол курамасы Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңдиОрусияда COVID-19дун ар кандай штаммдарынан коргоочу вакциналар иштелип чыктыЧүйдө киши көчөдөгү адамдарды аткан: эки бала жарадар болду18-ноябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБишкекте жолдорду кеңейтүү: 13 тилкенин ээсине 40,7 млн сом бөлүндү
Бишкектин Селекция айылында 20-ноябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
18.11.2026 | 10:33

20-ноябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин Бишкек шаарынын Селекция айылынын бир бөлүгүндө ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Суу төмөнкү Б. Алыкулов, М. Ганди, Эгиналиев жана Өмүр көчөлөрү менен чектелген аймакта өчүрүлөт. Өчүрүү М. Ганди көчөсүндөгү диаметри 273 мм болгон суу түтүктөрүн туташтыруу иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

«Бишкексууканал» ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарга ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат. Эске салсак, суунун пландуу жана авариялык өчүрүлүшү тууралуу маалыматтарды «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу алууга болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом