Бишкектин Асанбай кичи районунда жылуулук жана ысык суу убактылуу токтотулду

13.11.2026 | 10:33
В микрорайоне Асанбай в Бишкеке временно отключили отопление и горячую воду — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 13-ноябрда, Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда жана Токомбаев көчөсүндө жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Өчүрүү жылуулук тармагындагы бузулган жерди аныктап, аны оңдоо иштерине байланыштуу болууда. Ага ылайык, төмөнкү даректерде жылуулук менен суу токтотулду:

  • Асанбай кичи району: 4, 3, 2, 2/1, 8, 9, 8/3, 8/1, 10, 11, 13, 2а, 15а, 15, 14, 17, 17/1, 3в, 18, 19, 2123/2, 22, 23, 29, 28, 25, 27;
  • А. Токомбаев көчөсү: 53/1г, 53/3, 53/1б.

Мэрия оңдоо иштерин бүгүн күн ичинде аяктоо пландалып жатканын билдирди.

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Scroll to Top