«Чалдовар» көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги коррупция боюнча 20дан ашык кызматкерлер кармалды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматына ылайык, Чүй облусундагы «Чалдовар-Автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекетинде бир нече мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышкан туруктуу коррупциялык схема аныкталды.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Салык кызматынын 7 кызматкери, Чек ара кызматынын 6 кызматкери, Фитосанитардык инспекциянын 7 кызматкери жана Транспорт министрлигине караштуу салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын 4 кызматкери кармалды.
Маалыматка ылайык, «Жорго ТД» жана «Радиант» ЖЧКлары аркылуу уюштурулган схема менен товарларды ЕАЭБ өлкөлөрүнөн мыйзамсыз алып кирүү (контрабанда) уюштурулуп турган. Бул үчүн кызматкерлер ар бир оор жүк ташуучу унаадан 1500–2000 долларга чейин мыйзамсыз акча алышкан. Күн сайын болжол менен 80 миң сом чогултулуп турганы белгиленди.
УКМК бул факт боюнча кылмыш ишин козгоп, тиешелүү адамдардын мүлкүн камакка алуу жана башка күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
Ташиев ошондой эле «Ак-Жол» жана «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде да окшош коррупциялык көрүнүштөр бар экенин кошумчалады.