«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Түркиялык ишкана Ысык-Көлдө кеме куруучу завод курат. Тиешелүү келишимге Анталияда кол коюлду
24.09.2025 | 14:41

Кыргызстандык «Ысык-Көл Круиз» ишканасы менен түркиялык «E2 Denizcilik Yachts» кеме куруучу ишканасынын өкүлдөрү Ысык-Көлдө кеме куруучу завод куруу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган инвестициялык документке Кыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулдугунда кол коюлду. Анда деңиз туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу да камтылган.
“Келишим кемелерди куруу тармагын, Ысык-Көл боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын жана аймактагы туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган”,- деп билдирди ТИМ.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика