Кыргызстан Түркмөнстанга мунай продуктуларын түз жеткирүү келишимдерин түзүүнү сунуштады

20.11.2026 | 10:26
Кыргызстан предложил Туркменистану заключить договоры на поставку нефтепродуктов — Новости Кыргызстана
Кыргызстан Түркмөнстанга мунай продуктуларын түз жеткирүү келишимдерин түзүүнү сунуштады — Новости Кыргызстана
Кыргызстан Түркмөнстанга мунай продуктуларын түз жеткирүү келишимдерин түзүүнү сунуштады — иллюстрация

Кыргызстан Түркмөнстан менен мунай продуктуларын жеткирүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, ыйгарым укуктуу мамлекеттик компаниялардын ортосунда түз жеткирүү келишимдерин түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ашхабад шаарында өткөн кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында маалымдады.

19-ноябрда өткөн отурумга министр Эрлист Акунбеков менен Түркмөнстандын энергетика министри Аннагелди Сапаров жетекчилик кылышкан.

Жыйында өнөр жай тармагындагы кыргыз-түркмөн кызматташтыгы да каралган. Эрлист Акунбеков Кыргызстанда 2024-жылдан тартып «100 өнөр жай ишканасы» программасы ишке ашырылып жатканын белгилеп, анын алкагында түркмөнстандык инвесторлорду тартууга жана ишканалардын өлкө рыногуна чыгуусуна кызыкдарлыгын билдирген. Анын ичинде биргелешкен өндүрүштүк ишканаларды түзүү үчүн текстиль жана химия өнөр жайы тармактары аталган.

Өз кезегинде Аннагелди Сапаров күн тартибиндеги маселелер боюнча эки өлкөнүн көз караштары окшош экенин жана байланыштарды бекемдөөгө кызыкдарлыгын билдирген.

Жолугушуунун соңунда өкмөттөр аралык комиссиянын 7-жыйынынын протоколуна, ошондой эле «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК менен Түркмөнстандын Энергетика министрлигинин мамлекеттик «Түркмөнэнерго» корпорациясынын ортосундагы келишимге кол коюлган.

Scroll to Top