Үч-Коргон ГЭСинде төрт гидроагрегатты модернизациялоо иштери аяктады

20.11.2026 | 11:12
На Уч-Курганской ГЭС завершили модернизацию четырех гидроагрегатов — Новости Кыргызстана

«Электр станциялары» ААКтын Үч-Коргон ГЭСинде төрт гидроагрегатты модернизациялоо иштери аяктап, акыркы №1 гидроагрегат ишке киргизилди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, төрт гидроагрегат жаңыртылгандан кийин станциянын кубаттуулугу 36 МВтка жогорулады. Буга чейин станциянын кубаттуулугу 180 МВтты түзсө, азыркы тапта 216 МВтка жетти.

Станциянын кубаттуулугун көтөрүү электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде энергетикалык системанын ишин камсыздоого багытталган.

Үч-Коргон ГЭСи Жалал-Абад облусунда, Нарын дарыясында жайгашкан. Станция 1961–1962-жылдары пайдаланууга берилген жана 60 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет.

Scroll to Top