Кооптуу азыктар: Кыргызстанда тобокелдиктерди баалоонун жаңы эрежелери иштелип чыкты

Кыргызстанда тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна байланышкан тобокелдиктерди аныктоонун жана баалоонун бирдиктүү эрежелерин киргизүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору «Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, учурда ар кайсы мамлекеттик органдар санитардык жана ветеринардык көзөмөлдө, лабораториялык изилдөөлөрдө жана мамлекеттик контролдоодо тобокелдиктерди баалоонун өз алдынча ыкмаларын колдонушат. Бирок коркунучту аныктоодон тартып чараларды көрүүгө жана калкка маалымат берүүгө чейинки ведомстволордун иш-аракеттерин аныктаган бирдиктүү тартип азырынча жок.
Мындан улам мамлекеттик органдардын функциялары кайталанышы, ал эми лабораториялык изилдөөлөрдүн жана мониторингдин жыйынтыктары чечим кабыл алууда жетишсиз эске алынышы мүмкүн.
Иштеп чыгуучулар бирдиктүү эрежелер кооптуу тамак-аш продукциясын өз убагында аныктоого, негиздүү чараларды көрүүгө жана мамлекеттик көзөмөлдүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга шарт түзөт деп эсептешет.
Долбоордо тамак-аш продукциясын жүгүртүүнүн бардык этаптарында — өндүрүүдөн жана кайра иштетүүдөн тарта сактоого, ташууга, сатууга жана импорттоого чейин тобокелдикти талдоонун бирдиктүү тартиби каралган.
«Талдоо үч негизги баскычты камтыйт: коркунучка илимий баа берүү, тобокелдикти азайтуу боюнча чараларды көрүү жана кызыкдар тараптарга маалымат берүү. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жана мамлекеттик мониторингдин натыйжалары, тамак-аштан уулануу фактылары жөнүндө маалыматтар, кооптуу продукциянын аныкталышы, ошондой эле жарандардын жана ишкерлердин негиздүү кайрылуулары талдоо жүргүзүүгө негиз боло алат», — деп айтылат негиздеме-маалымкатта.
Адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу коркунуч жаралышы мүмкүн деген маалымат келип түшкөндө, мамлекеттик органдар токтоосуз, бирок бир жумушчу күндөн кечиктирбестен баштапкы баалоо жүргүзүүгө тийиш.
Калган учурларда маалыматты алдын ала кароого 20 жумушчу күнгө чейин убакыт берилет. Бул аралыкта ведомство тобокелдикке андан ары талдоо жүргүзүү үчүн негиздердин бар же жоктугун чечиши керек.
Калктын ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жаралган учурда мамлекеттик органдар толук илимий баалоонун аякташын күтпөстөн эле мыйзамда каралган чараларды көрө алышат.
Коркунучтун мүнөзүнө жараша мындай чаралар кошумча лабораториялык изилдөөлөрдү, продукцияны өндүрүүнү, импорттоону же сатууну чектөөнү, аны алып коюуну жана жүгүртүүдөн кайтарып алууну камтышы мүмкүн.
Тобокелдиктерди кимдер баалайт?
Илимий баалоону көйгөйдүн татаалдыгына жараша эксперттик топтор же айрым адистер жүргүзүшөт. Ишке эпидемиология, ветеринария, микробиология, токсикология, химия жана тамак-аш технологиялары жаатындагы адистер, ал эми зарыл болгон учурда чет өлкөлүк эксперттер тартылышы мүмкүн.
Ошол эле учурда эксперттер өз квалификациясын тастыктап, кызыкчылыктардын мүмкүн болуучу кагылышуусу жөнүндө билдириши керек. Корутундунун калыстыгына шек жараткан жеке кызыкчылыгы бар адистер тиешелүү баалоодон четтетилет.
Көрүлүүчү чаралар боюнча чечимдерди илимий баалоонун жыйынтыктарынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар кабыл алышат.
Калкка маалымдоо
Долбоордо аныкталган тобокелдиктер, аларды баалоонун жыйынтыктары жана көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарды мамлекеттик органдардын расмий сайттарына жарыялоо каралган. Мыйзам менен кирүүгө чектөө коюлган маалыматтар гана буга кирбейт.
Мындан тышкары, ведомстволор жыл сайын 1-мартка чейин өткөн жыл ичинде жүргүзүлгөн талдоолор, кабыл алынган чечимдер жана көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугу жөнүндө жалпыланган маалыматты жарыялап турушу керек болот.
Өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн санитардык, ветеринардык, медициналык, бажы жана башка компетенттүү органдардын ортосундагы координация каралган.
Импорттолгон же экспорттолгон продукцияга байланыштуу коркунучтар жаралган учурда, маалымат колдонуудагы эл аралык механизмдер, анын ичинде INFOSAN тармагы жана ЕАЭБ каналдары аркылуу чет өлкөлүк өнөктөштөргө өткөрүлүп берилет.
Бизнес үчүн эмне өзгөрөт?
Негиздеме-маалымкатта бул долбоор мамлекеттик органдардын ишин жана алардын өз ара байланышын гана жөнгө салары өзгөчө баса белгиленген.
Ал ишкерлер үчүн жаңы милдеттүү талаптарды, отчеттуулукту, уруксат кагаздарын, төлөмдөрдү, тыюу салууларды же айып пулдарды киргизбейт.
Ошондой эле документ ишканалардын тобокелдик категорияларын аныктоо тартибин жана бизнести текшерүүнүн мезгилдүүлүгүн өзгөртпөйт. Бул маселелер өзүнчө мыйзамдар менен жөнгө салынат.
Анара Мамытова