Камсыздандыруучулардын кирешеси 35%га өсүп, пайдасы дээрлик үчтөн бирге азайды

20.11.2026 | 10:32
Доходы страховых компаний выросли на 35%, а прибыль сократилась почти на треть — Новости Кыргызстана

Кыргызстандагы камсыздандыруу компанияларынын кирешеси 2026-жылдын январь-сентябрь айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35%га өсүп, 11 млрд сомдон ашты. Ошол эле учурда алардын сальдолонгон пайдасы 697,5 млн сомду түзүп, былтыркыдан дээрлик үчтөн бирге аз болду. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети келтирет.

Өлкөдө 20 камсыздандыруу компаниясы иштейт. Алардын кирешесинин негизги бөлүгүн – 86%ын камсыздандыруу төлөмдөрү түздү. Тогуз айда 9,3 млрд сом камсыздандыруу взносу түшүп, бул былтыркыдан төрттөн бирге көп.

Жыл башынан бери камсыздандыруучулар 2 миллиондон ашык келишим түзүшкөн, алардын 88%ы жеке жактар менен. Ыктыярдуу камсыздандырууга келишимдердин 52%га жакыны туура келет.

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 1-октябрга карата 2 трлн 804 млрд сомду түзүп, былтыркыдан 20,5%га көп болду. Өсүш негизинен компаниялардын мүлкүн ыктыярдуу камсыздандыруунун жана жоопкерчиликти камсыздандыруунун эсебинен болду.

Жыл башынан бери 52 миңден ашык камсыздандыруу учуру катталды: алардын 42%ы ОСАГОго, 26%ы бакытсыз кырсыктардан жана оорулардан ыктыярдуу камсыздандырууга туура келет.

Камсыздандыруу компаниялары 1,7 млрд сом төлөп беришти. Анын 56%ы мүлктү ыктыярдуу камсыздандырууга, 28%га жакыны ОСАГОго туура келет.

Scroll to Top