Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Чүйдө жол кырсыктан “КамАЗ” оодарылып кетти (видео)
28.07.2023 | 10:54
Бүгүн, 28-июлда Чүйдүн Новопокровка айылында эки унаанын катышуусунда жол кырсык болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге окуянын күбөлөрү билдирди.
Маалыматка караганда, кырсыктын айынан “КамАЗ” жүк ташуучу унаасы оодарылып кетип, жеңил унаанын алды талкаланган.
Учурда окуя жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат.
Жол кырсыктын чоо-жайы такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз