Быйыл 6 айда милицияга 79 миң жаран жардам сурап кайрылган

Быйыл 6 айда милицияга 79 миң жаран жардам сурап кайрылган

Бүгүн, 28-июлда ИИМдин жыйындар залында ички иштер органдарынын алты айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жыйында министр Улан Ниязбеков  сөз сүйлөп, Ички иштер министрлигинин алты ай ичинде аткарган иштерине токтолгон.

«Кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук тартипти туруктуу сактоо, санарип технологиялар менен заманбап ыкмаларды калыптандыруу, мезгил ыргагынан артта калбай жаңы кадамдарды жасап, иш алып барууну чыңдадык. Катталган оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ыкчам ачуу, окуяларды алдын алуу, жарандарга жана чет элден келген конокторго сервистик тейлөө көрсөтүү, көчмө кабылдамалар менен элге жолугуп, кандай гана маселе болбосун жеринде чечүүгө көмөк көрсөтүү процедурасын улантып жатабыз. Калкты сапаттуу тейлөө, жаңы үлгүдөгү функциялар менен иштөө максатында эл аралык өнөктөштөрдөн, демөөрчүлөрдөн, чет элдик кесиптештерден материалдык-техникалык каражаттарды, кызматтык керектөөлөрдү алып, коопсуздукту бекемдөө багыттарын уюштурдук.

Жардам сурап кайрылган жарандарга жана ички иштер органдарынын кызматкерлерине жагымдуу шарттарды түзүү үчүн 70тен ашык объектиге курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Дагы 30га жакын объектини курууну планга киргиздик. Тиешелүү кодекстерге өзгөртүү-толуктоолорду киргизип, ички иштер органдарынын функциясына экономикалык иштерди тергөө процессин алууга жетиштик. Буга байланыштуу жер-жердеги тергөө кызматтарынын ишмердигин бекемдөө үчүн 100гө жакын штаттык бирдиктерди алууга уюштуруу иштерин жүргүзүп жатабыз», — деди ал.

Анын айтымында, былтыр 6 айда милицияга жардам сурап кайрылган жарандардын саны 91 миң адам болсо, быйыл 79 миңди түздү.

«Ар түрдүү окуяларды алдын алуу көрсөткүчтөрүн 12 миңге төмөндөтүүгө жетиштик. Жалпылап белгилегенде, коомдук тартипти дагы бир деңгээлге жогорулатуу, жарандардын арыз-даттанууларын туура кароо, кылмыш фактыларын өз учурунда аныктоо, укук бузууларга бөгөт коюу иштерин күчөттүк.

Мекенибиздин ички тартибин көздүн карегиндей сактап, келечек муунга коопсуз жашоо шартын түзүү боюнча күнүгө талыкпаган иш алып баруу – баарыбыздын ыйык парзыбыз экендигин дагы бир жолу эсиңиздерге салам. Сиздер жооптуу болгон региондордо — бекем тартип, сапаттуу жумуш, калыс жыйынтык, коопсуз эреже, элдин ишеними жана ички иштер органдарынын өнүгүүсү дайыма өкүм сүрүшү керек.

Ушул принциптер туура сакталса, коомубуз үчүн жасап жаткан ар бир жакшы ишибиздин акыбети кайтып, элдин тынчтыгы үчүн көрүп жаткан аракеттерибиз сөзсүз түрдө бааланат. Кемчиликтер боюнча бүгүнкү коллегияда кеңири карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алабыз, — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жыйын ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>