Ысык-Көлдө катуу шамал айдап кеткен өспүрүмдөр куткарылды

Ысык-Көлдө катуу шамал айдап кеткен өспүрүмдөр куткарылды

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери көлдүн терең жерине кетип калган өспүрүм балдарды куткарышты. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашат.

Маалыматка караганда, 27-июлда үч өспүрүм көлдүн үстүнөн үйлөнмө матрастары менен сүзүп чыгышкан.

«Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында Ош облусунун Кара-Суу айылынын тургуну үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн. Үй-бүлөнүн үч баласы үйлөмө матрастар менен көлдөн сүзүүнү чечишкен. Катуу шамал болуп, балдар көл жээктен бир чакырым алыстыкка кетип калышкан. Бактыга жараша тартип сакчылары жергиликтүү тургундун кайыгы менен балдарга жетүүгө үлгүрүшкөн.  Куткаруучу жилеттерди балдарга кийгизишип, аларды көлдүн жээгине чыгарышкан», — деп жазылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери балдар жана алардын ата-энелери менен профилактикалык иштерди жүргүзүшкөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>