Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
COVID-19, “Гонконг” вирусу. Сасык тумоо кайра күч алууда
16.01.2024 | 13:48
2024-жылдын экинчи аптасында сасык тумоонун 10 миң 112 учуру катталып, 22,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Учурда ооруп жаткандардын 65,4 пайызы 14 жашка чейинки балдар.
Департаменттин маалыматында, 2023-жылдын октябрь айынан тарта А/ H3N2 же “Гонконг” вирусу таркап жатат. Андан башка жугуштуу вирустар дагы күч алганы айтылат.
Эпидемиологиялык абал айрыкча Бишкек шаары, Чүй жана Баткен облусунда курч.
COVID-19 инфекциясынын аптасына 2-6 учуру катталууда.
Белгилей кетсек, январдын биринчи аптасында сасык тумоо 40 пайызга басаңдаганы байкалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом