«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Аялын уруп, кайын журтунан 30 миң долларды алдап алган жаран кармалды
16.01.2024 | 14:50
Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн Р.У.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ага ден соолукка зыян келтирүү жана алдамчылык фактысы менен иш козголду.
Шектүүнүн колунан жабыркаган аялы М.Т. Бишкектеги медициналык мекемелердин биринде дарыланууда.
УКМК билдиргендей, кармалган жаран жубайын ур-токмокко алып, моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп келген. Андан тышкары, кайын журтунан алган 30 миң долларды дагы кайтыруудан баш тартып жүргөн.
Эскерте кетсек, Баткенде 22 жаштагы келиндин өлүмүнөн кийин Камчыбек Ташиев кыз-келиндерди зомбулукка каршы турууга жана андай фактылар боюнча УКМКга кайрылууга чакырган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар