УКМК кармаган активист Зарина Төрөкуловага сот өкүмү чыкты

УКМК кармаган активист Зарина Төрөкуловага сот өкүмү чыкты

УКМК тарабынан «массалык башаламандыктар» беренеси боюнча кармалган активист Зарина Төрөкуловага сот өкүмү чыкты.

Зарина Төрөкулованын иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, өкүм 16-январда угузулду. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 3-бөлүгү жана 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык башаламандыктарга чакырыктар) боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда ага 3 жылдык пробациялык мөөнөт белиглеп, эркиндигинен ажыратуу жазасын бошоткон.

Эскерте кетсек, активист Зарина Төрөкулова 2023-жылы сентябрь айында кармалып, камакка алынган. УКМКнын маалыматы боюнча, Төрөкулова өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 2-бөлүгүнө (массалык баш аламандыктар) туура келген чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жарыялаган деген шек менен кармалган.

УКМК активист Төрөкулованын кармалышы боюнча үн катты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>