Манас шаарында курулуп жаткан жаңы муниципалдык базар декабрда ишке берилет

17.11.2026 | 17:48
Новый муниципальный рынок в городе Манас откроют в декабре — Новости Кыргызстана

Манас шаарында 20 гектардан ашуун аянтта курулуп жаткан муниципалдык базардын курулуш иштери 95%га аяктап калды. Ушул жылдын декабрь айынын ортосунан тарта шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан базарлардагы соода түйүндөрүн көчүрүү иштери башталат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Базардын аймагында соода түйүндөрүнөн тышкары тамактануучу жайлар, 14 банк, унаа жуучу жана акча алмаштыруучу жайлар орун алат. Аймакка 1 миң 500 камера орнотулуп, 2 миң 500 автоунаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай даярдалган.

Маалыматка ылайык, базардагы соода орундары сатылбайт жана учурда иштеп жаткан соодагерлерге гана бөлүнүп берилет. Соодагерлердин тизмесин тактоо жана көчүрүү иштерин жүргүзүү үчүн шаардык кеңештин депутаттарынан, укук коргоо органдарынын жана мекемелердин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлгөн. Соода орундары ишмердүүлүктүн багытына жараша бөлүштүрүлөт. Дүң соода менен алектенген ишкерлерге жана айыл чарба продукцияларын сатуучуларга өзүнчө соода жайлары каралган.

Аталган жайга борбордук базардын, ошондой эле «Береке», «Нооруз», «Адилет», «Шабдалызар» жана «Мадумар-Ата» базарларынын соодагерлери көчүрүлөт. Мындан тышкары Курманбек көчөсүндөгү базардын багыты өзгөргөнүнө байланыштуу орундарынан ажыраган 700дөй ишкерге да соода жайы берилет.

Базар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин негизинде «МСК Групп» компаниясы тарабынан курулуп, курулуш иштерин кытайлык компания аткарып жатканы кошумчаланды.

Scroll to Top