Эдил Байсалов баштаган делегация Хужандга Тажикстандын Эгемендик күнүн куттуктап барды

Эдил Байсалов баштаган делегация Хужандга Тажикстандын Эгемендик күнүн куттуктап барды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган Кыргызстандын делегациясы Тажикстандын Эгемендик күнүнө карата өтүүчү салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Хужанд шаарына барды.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, Кыргызстандын делегациясы Худжандга тажик тараптын чакыруусу менен барган.

Сапардын алкагында  Байсалов коңшу мамлекеттин өкмөт башчысынын орун басары Зиезода Сулаймон Ризои менен жолугушкан.

Байсалов президент Садыр Жапаровдун атынан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго саламын, тажик мамлекетине жана элине бакубатчылык, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалаган куттуктоо сөздөрүн жеткирген. Ошондой эле Эдил Байсалов өз атынан Ризоини жана тажик элин  Эгемендик күнү менен куттуктаган.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн кызматташтык маселелери талкууланган

«Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн аякташы менен эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызматташуу бардык багытта өнүгөт деген ишенимин билдиришти.

Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары эки эл байыртадан бери ынтымакта жашап келгенин белгилешип, Кыргызстан менен Тажикстандын кызматташтыгы мындан ары да кыргыз-тажик элдеринин көп кылымдык достугунун негизинде өнүгө берерине тилектештигин билдиришти», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Тажикстандын Эгемендик күнү 9-сентябрда белгиленет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>