Күзгү салкын жана нөшөрлүү жаан: 5-сентябрга карата аба ырайыКөк бөрү финалдарында аншлаг: Бает айылында түз эфир үчүн фан-аймак ачылатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тыйын эңмей: кыргызстандык Азим Эсенбек уулу күмүш байгеге ээ болдуКММ үзгүлтүксүз камсыздоо: «Ынтымак Ордодо» күйүүчү май рыногундагы абал талкууландыКыргызстандык Орозбек Алмазбеков казак күрөшү боюнча Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болдуАсыл тукум мал жана кош дипломдор: КР менен Чувашия агроөнөр жай комплекси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Эртең Кыргызстан менен Өзбекстан ойнойт. Үч миң милиционер тартипти карайт
09.09.2024 | 15:18
Эртең, 10-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын футбол курамасы менен Өзбекстандын оюнун өткөрүү учурунда коомдук тартипти үч миң милиция кызматкери карайт. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, аталган беттеш дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Оюн саат 20:00до башталат.
Стадиондун кире беришинде милиция кызматкерлери күйөрмандарды текшерип, андан кийин өткөрөт. Милиция оюнга убагында кирүү үчүн жарандарды эки саат эрте келүүгө, текшерүү иштерине түшүнүү менен мамиле жасоого чакырат.
Стадионго шише, желим идиштерди жана пиротехникалык заттарды алып кирүүгө тыюу салынат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом