«Эл зар какшагандан кийин гана иштей баштаган система бүтүшү керек» — Жапаров

30.06.2026 | 15:49
«Эл көйгөй менен эшик каккылап жүрбөшү керек»: Жапаров жергиликтүү бийлик жетекчилерине жоопкерчилик күчөй турганын айтты — Новости Кыргызст

Бүгүн, 30-июнда, Чолпон-Ата шаарында өлкө башчы Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында облус башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери катышкан республикалык кеңешме өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент кеңешмеде сөз сүйлөп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуу системасын түзүү – негизги милдеттердин бири экенин белгиледи. Ошондой эле Ош жана Нарын облустарына болгон иш сапарларын, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларын эске салып, андагы кайрылуулардын 80-90 пайызы жеринде чечиле турган маселелер болуп чыкканын айтты.

«Ичүүчү суу, ирригация, ички жолдор, жер маселелери, көчөлөрдү жарыктандыруу, муниципалдык кызматтар, социалдык инфратүзүм жана башка жергиликтүү деңгээлде чечиле турган башка көйгөйлөр дээрлик бардык райондордо айтылды. Чындыгында бул маселелердин көбү бүгүн эле пайда боло калган жок. Бирок айлап-жылдап, айрым учурларда ондогон жылдар бою чечилбей келет», — деди ал.

Мындан улам Жапаров жергиликтүү бийликтегилерди мындан ары жоопкерчиликти бир мекемеден башкасына түртүп, убакыт өткөрүү тажрыйбасын токтотууга чакырды.

«Элге шылтоо эмес, мыйзамдуу жана өз убагында кабыл алынган адилеттүү чечим керек. Эл силерди издеп, мекеме эшиктерин каккылап, зар какшагандан кийин гана иштей баштаган система да бүтүшү керек!» — деди.

Ошондой эле Жапаров мамлекеттик кызматкерлер элдин көйгөйлөрүн алдын алып, жеринде чечүүгө аракет кылышы керектигин айтты.

«Мындан ары облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, акимдер жана мэрлер өз аймагындагы мамлекеттик саясаттын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат», — деп белгиледи ал.

Мындан тышкары президент Министрлер кабинетине жана мамлекеттик органдардын жетекчилерине бардык функцияларды кайрадан талдап чыгып, ким эмне үчүн жооп берерин тактоону, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өздөрүнө тиешеси жок ашыкча тапшырмалардан бошотуу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Жыйындын соңунда жыл аягына чейин аралык жыйынтыктарды чыгаруу үчүн ушундай кеңейтилген кеңешме өткөрүү чечими кабыл алынды.

Scroll to Top