Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Ош шаарында Жаштардын креативдүү хабы ачылды
30.06.2026 | 16:38
Ош шаарында Жаштардын креативдүү хабы ачылды. Жаңы хаб көп функциялуу аянтча катары кызмат кылат. Анда жаштар үчүн иш орду, билим берүү борбору, коомдук мейкиндик жана эс алуу аймагы каралган. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Долбоор 2020-жылы «Youth of Osh» коомдук уюму тарабынан демилгеленген. Расмий ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова жана БУУӨПтүн (ПРООН) Кыргызстандагы өкүлү Александра Соловьева катышты.
Уюштуруучулардын билдирүүсүнө ылайык, борбордун негизги максаты — жаштардын өз шаарында өнүгүүсүнө шарт түзүү жана алардын миграцияга кетүүсүн азайтуу болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Ош шаары



