Депутат Cool Bros тигуучу фабрикасы мыйзамсыз тартып алуу боюнча билдирүү жасадыБишкекте 600 гараждын ордуна 1 миң 200 орундуу жаңы мектеп курулуудаЖогорку Кеңеште депутаттардын сүйлөөлөрүн спикер менен макулдашуу талабы киргизилдиРуслан Суйналиев финансы министри болуп дайындалды. Президент кол койдуКыргызстан дүйнөгө баратат: заманбап тейлөө жаратуу менен өзгөчөлүктү кантип сактап калуу керек?Кытайга биринчи жолу Кыргызстандын жүгөрүсү экспорттолду
Элчи Казакбаев Мадумаровдун сотуна күбө катары чакырылды
30.01.2024 | 16:29
Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун соту өтүп жатат.
Ага күбө катары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов жана президенттин иш башкармасынын мурдагы биринчи орун басары Эмил Шерматов күбө катары чакырылды.
Руслан Казакбаев 2009-жылы Тышкы иштер министрлигинин биринчи орун басары болуп иштеген.
Өткөн аптадагы соттук отурумга мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов жана чек ара боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү катышкан.
Белгилей кетсек, Адахан Мадумаровго 2009-жылдагы кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу №5 протоколго ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык” беренеси боюнча айып тагылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат