Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Элчи Казакбаев Мадумаровдун сотуна күбө катары чакырылды
30.01.2024 | 16:29
Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун соту өтүп жатат.
Ага күбө катары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов жана президенттин иш башкармасынын мурдагы биринчи орун басары Эмил Шерматов күбө катары чакырылды.
Руслан Казакбаев 2009-жылы Тышкы иштер министрлигинин биринчи орун басары болуп иштеген.
Өткөн аптадагы соттук отурумга мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов жана чек ара боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү катышкан.
Белгилей кетсек, Адахан Мадумаровго 2009-жылдагы кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу №5 протоколго ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык” беренеси боюнча айып тагылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат