Депутат Адахан Мадумаров камакта калтырылды

Депутат Адахан Мадумаров камакта калтырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Мадумаров 8-декабрда Биринчи май райондук соту тарабынан 2024-жылдын 9-февралына чейин камакка алынган. Кийин депутаттын жактоочулары шаардык сотко Мадумаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз менен кайрылган.

Бүгүн, 27-декабрда шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Мадумаров 9-февралга чейин УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, быйыл 2-сентябрда Адахан Мадумаров милиция тарабынан кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып кеткен. Мадумаров 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча (Төрт-Көчө боюнча) протоколго байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча кармалган. Буга чейин 22-июнда парламент Мадумаровду «бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартууга макулдук берген. Бирок кийинчерээк аталган берене «мамлекеттик чыккынчылык» беренесине өзгөртүлгөнү белгилүү болгон.

Мадумаров 2-сентябрдан бери камакта отурат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>