Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Кургак учук азайып, ооруканаларда керебеттер кыскартылууда
30.01.2024 | 17:19
2024-жылы кургак учукка каршы программанын керебеттик фонду 35%га кыскарат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Алардын маалыматында, акыркы 10 жылда кургак учуктан өлгөн бейтаптардын саны азаюда.
2017-жылдан 2022-жылга чейинки илдеттин 100 миң калкка 88,5тен 65,5ке чейин азайганы байкалган.
Буга байланыштуу ооруканалардагы керебеттер 1 миң 175ке кыскарат. Оптималдаштыруунун жыйынтыгы боюнча 85 миллион сом үнөмдөө күтүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом