Ошто милициянын демилгеси менен «Китеп — билим булагы» аттуу иш-чара өтүүдө

Ошто милициянын демилгеси менен «Китеп — билим булагы» аттуу иш-чара өтүүдө

Ош облусунда мектеп окуучулары арасында «Китеп — билим булагы» аталышында бир айлык китеп окуу иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Аталган иш-чара бул жумада Кара-Суу, Араван жана Чоң-Алай райондорунда болуп өттү. Иш-чаранын максаты — жаштарды укук бузуулардан, кылмыштуулуктан, баңгизаттардан, радикалдуу экстремизмден арылтуу, ошондой эле руханий адеп-ахлагын өнүктүрүү, мекенди сүйүүгө шыктандыруу, сабакты жакшы окуу, жүрүм-турумун оңдоо, ой жүгүртүүсүн тереңдетүү, улуулардын тарбиясын туура кабыл алып, келечекте мамлекетке кызмат кылган, мекенчил сезимге ээ болгон жаштарды китеп окуу аркылуу тарбиялоо болуп саналат.

Бул саамалык райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары тарабынан демилгеленип, райондук акимчиликтердин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын кыргыз тил, адабият мугалимдери жана окуучулардын ата-энелери менен биргеликте өткөрүлүүдө.

«Окуучулар кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын окуп чыгып, чыгармадан жаш муундун улуулардан үлгү алуу, мекенге болгон сүйүү жөнүндө үзүндүлөрдү окушуп, тарбиялык мааниси боюнча ой-пикирлери менен бөлүштү. Жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан мыкты делген окуучулар тандалып, аларга ардак грамоталар, белектер жана кызыктуу китептер  тапшырылды», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>