Эркекче сүйлөшөлү. Парламентте депутаттар кайым айтыша кетти

Эркекче сүйлөшөлү. Парламентте депутаттар кайым айтыша кетти

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Адахан Мадумаров аталган комитеттин төрагасынын ишин сынга алды.

Мадумаров комитеттин төрагасы парламенттик жыйында Кытай менен болгон эки келишимди комитет сурамжылоо жолу менен чечип берген деп айтканын эскертип, “төраганын орун басары дагы регламент бузулган жок деген бойдон өткөрүп жиберди. Комитет жыйын өткөрбөй туруп, сурамжылоо менен гана кол коюп берсе болот деген берене регламенттин кайсыл жеринде жазылып турат, мага көрсөткүлөчү?” – деп сурады.

Депутат эгерде ушундай боло берсе ал аталган комитеттин төрагасы ээлеген кызматына татыктуу же татыксыз эмес деген маселе көтөрүүгө аргасыз болорун белгиледи.

“Ротификациялоо – бул эл аралык катаал маселе. Аны сурамжылоо жолу кол коюп бергенибиз туура эмес. Регламенттин кайсыл беренесинде сурамжылоо жолу менен кабыл алууга уруксат берип жатат? Аны төраганын орун басары дагы сиз дагы айтып бере албайсыз”, — деди ал.

Комитеттин мүчөсү Айбек Осмонов жооп катары парламентарийдин сынына нааразы болуп, “мага асылбай сүйлөңүз” деп өтүндү.

Мадумаров Айбек Осмоновду эмес, парламенттик жыйында маселени өткөрүп жиберген төраганын орун басарларын айтып жатканын айтты.

“Балдар, айланайын, сөздү аягына чейин укканды үйрөнгүлө. Мен Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарын айтып жатам”, — деди Мадумаров.

Ал эми депутат Шайлообек Атазов кесиптешин урушпоону суранып: “Бул — Айбек Осмонов, депутат. Аны балаңыздай эле уруша бербеңиз”, — деди.

Мадумаров өз кезегинде “балдар, жигиттер деп айтып жатканыма сүйүнгүлө”, — деп жооп берди.

Ал эми Улан Примов аталган комитеттин төрагасы катары комитеттин ишмердүүлүгүнө жооп берүүгө даяр экенин айтты.

Сөздү депутат Айбек Осмонов алып: “жумушту баштайлы, же болбосо жыйынды жабык өткөрүп, эркекче сүйлөшүп алалы”, — деп сунуштады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>