Видео: Ошто «Казак» каймана аты бар кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Видео: Ошто «Казак» каймана аты бар кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ош шаарында опузалоого шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, ИИМдин Оштогу аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 42 жаштагы М.У. (каймана аты «Казак») жана анын кылмыштуу шериги — Кара-Суу районунун 45 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну кармалган. Экөө теӊ мурда бир нече ирет соттолушкан. Алар өткөн дем алыш күндөрү Sky bar түнкү клубунда колго түшүрүлгөн.

«Кармалгандар 2022-жылы Жалал-Абад шаарында Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургунунун Toyota Camry 70 унаасын коркутуу жолу менен тартып алышып, Ош шаарында башка жаранга сатып жиберишкен», — деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыш иши Ош шаардык милициянын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иши башталган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Эскерте кетсек, «Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп саналат. Ал 2020-жылы 26-майда шаардык сот тарабынан 16 жашар кызды зордуктаган деп айыпталып 10 жылга эркинен ажыратылган. Жергиликтүү ММКлар жазгандай, кийинчерээк ал облустук жана Жогорку сот тарабынан акталган.

Умар Маратов 2020-жылдын январь айында Оштун экс-мэри Айтмамат Кадырбаевдин инисинин сабалышына катыштыгы бар делип кармалган.

Андан тышкары, былтыр 8-декабрда Маратов жана дагы бир адам Ош шаарындагы клубда эки жигитти бычак менен коркутуп, сабаган деп кармалышкан. Калган шектүүлөр изделип жатканы кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>