Ак-Ордо конушунда 280 орундуу бала бакча курулууда

Ак-Ордо конушунда 280 орундуу бала бакча курулууда

Бишкектин Ак-Ордо конушунда 280 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бала бакча 2 кабаттуу болуп салынууда. Жер тилкенин аянты 0,83 гектарды түзөт.

«Мекемени газ менен жылытуу каралган. Имаратта ашкана, буфет, уктоочу, оюн, жуунучу  бөлмө, кабыл алуу, медициналык кабинет, бөлүм башчынын кабинети, музыкалык жана гимнастикалык зал, тазалык түйүндөрү жана техникалык жайлар жайгашат», — деп айтылат маалыматта.

Учурда темир-бетон каркасы толук бүтүп, дубалын тургузуу, чатырын жабуу иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>