Кыргыз профессионал театрына 100 жыл: Бишкекте шоу-концерт өттү
2-ноябрда Бишкек шаарында кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына жана Маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган шоу-концерт өттү.
Иш-чара республикадагы театрлардын жамааттарынын кызыл килемде салтанатуу жүрүшү менен башталган. Ага маданият министри Мирбек Мамбеталиев да катышкан.
Андан соң концерттик программа уланып, анда кыргыз профессионал театрынын кылымдык тарыхын, өнүгүү жолун жана улуттук искусстводогу ордун чагылдырган театралдаштырылган көркөм номерлер тартууланган. Ошондой эле белгилүү эстрада ырчылары жана чыгармачыл инсандар ырларды аткарышкан.
Иш-чарага КРдин мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, театр ишмерлери жана шаар тургундары катышкан. Министр Мирбек Мамбеталиев кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, театр өнөрүнүн улуттук баалуулуктарды сактоодогу жана кийинки муундарга өткөрүп берүүдөгү ордун белгилеген.





