Мирбек Атабеков Казакстандын II даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды

30.10.2026 | 10:48
Мирбека Атабекова наградили казахстанским орденом «Достык» II степени — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, эстрада ырчысы Мирбек Атабеков II даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды. Сыйлык Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен ыйгарылган. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактардагы баракчасына жазды.

Мамлекеттик сыйлыкты ага Казакстандын вице-президенти Ерлан Карин тапшырды. Атабеков бул сыйлык мындан аркы чыгармачылык ишмердүүлүгүндө ага дем берип, чоң жоопкерчилик жүктөй турганын белгиледи.

II даражадагы «Достық» («Достук») ордени — Казакстандын жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири. Ал өлкөнүн жарандарына жана чет өлкөлүктөргө элдер ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоодогу өзгөчө эмгеги, ошондой эле коомдогу өз ара ынтымакты сактоого кошкон салымы үчүн ыйгарылат.

Scroll to Top