Адылбек Касымалиев БУУнун эки экономикалык комиссиясынын жетекчилери менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн атайын программасынын (СПЕКА) Экономикалык форумунун алкагында БУУнун башкы катчысынын орун басарлары Армида Алишахбана жана Татьяна Молчан менен жолугушту. Алишахбана — БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО), ал эми Молчан БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын (ЕЭК БУУ) аткаруучу катчысы. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Конокторду тосуп алган Министрлер кабинетинин башчысы алардын сапары Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгын, анын ичинде СПЕКАнын алкагындагы өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо үчүн маанилүү экенин белгилеп, СПЕКА жумалыгына жеке катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар аймактык экономикалык интеграцияны чыңдоо, транспорттук байланыштарды жана логистиканы өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызыкчылыгындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Касымалиев биргелешкен демилгелерди иш жүзүндө ишке ашырууда СПЕКАнын Көп тараптуу максаттуу фондунун ролун белгилеп, Кыргызстан аймактагы мамлекеттер үчүн өз ара кызыкчылык жараткан долбоорлорго БУУнун түзүмдөрүнүн жигердүү катышуусуна кызыкдар экенин айтты.
Маалыматка ылайык, Алишахбана менен Молчан аймактык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, көрсөтүлгөн багыттар боюнча СПЕКАнын алкагында Кыргызстан менен кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун соңунда Касымалиев ЕЭК БУУ жана ЭСКАТО менен өз ара аракеттенүү СПЕКАнын алкагындагы кызматташтыктын практикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, аймактык экономикалык интеграцияга кошумча түрткү берерине ишеним билдирди.
Форум Бишкекте Кыргызстандын СПЕКАга төрагалык кылган жылы өтүп жатат. Жолугушуунун алдында Касымалиев форумдун ачылышында сөз сүйлөп, төрагалык кылуу аймактагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоого практикалык салым кошууга мүмкүнчүлүк берерин белгилеген.